Жаңылыктар
Башкы көзөмөл органы прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого карата штаб түздү
Шайлоо 2023
Башкы көзөмөл органы прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого карата штаб түздү

Жогорку Кеңешитин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого карата Башкы прокуратуранын штабы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн.

"Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.