Парламент Назарали Ариповду БШКнын мүчөлүгүнөн бошотту. Чечим бир добуштан кабыл алынды.
Алдыда боло турган парламенттик шайлоого карата Назарали Арипов шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн кетти. Ал "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча жетинчи чакырылыштын депутаттыгына ат салышат. Анын ордуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров БШКга келе турган болду.
Бюллетенге кайсы партиялар киргизилет, БШК бүгүн, 3-сентябрдан кечиктирбестен жарыялашы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.