Жаңылыктар
БШК партияларды каттоону бүгүн аяктайт. 4-сентябрда үгүт иштери башталат
Шайлоо 2023
БШК партияларды каттоону бүгүн аяктайт. 4-сентябрда үгүт иштери башталат

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн, 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт иштери башталат. 

Кечээ күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилди. Алар "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", “Бир Бол”, "Замандаш", “Ата Мекен” партиялары. Шайлоого катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. 

Документ ташыруунун эрежесин бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» партиясы райондук деңгээлдеги жана Жогорку сотто БШКны утуп алган.