Москва шаарында мигранттарды алдап, Кыргызстанга жөнөй турган чартердик каттамдын кезексиз тизмесине киргизүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мурда кабарлангандай, айрым жарандардын коррупциялык жана алдамчылык аракетине, ар кандай мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербеш үчүн элчиликтин алдында ИИМдин Россиядагы өкүлү башында турган атайын комиссия түзүлгөн. Элден түшкөн арыздардын негизинде 12 жаран кармалып, алардын алдамчылыкка байланышкан 20 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алдамчылардын кылмыштуу аракетинен улам мекендештерибиз 435 миң сомдон ашык зыян тарткан.
Маалыматка караганда, аныкталган фактылар боюнча Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык үч кылмыш иши козголду. Дагы алты фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат.