Жаңылыктар
«Тоо томсоруп, жел козгойт....» - Шайлоо тууралуу ой толгоо
Шайлоо 2023
«Тоо томсоруп, жел козгойт....» - Шайлоо тууралуу ой толгоо

Журналист Кенжебек Арыкбаев алдыда боло турган парламенттик шайлоо, Жогорку Кеңешке келе турган депутаттар жана башка ой толгоолорун фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын жазгандарын өзгөртүүсүз беребиз. 

"Кыргыз качан прогресске жылат? Элдин ишенимине адалдыгы, абийирдүүлүгү, ишмердиги, аймактык кызыкчылыктан Улуттук кызыкчылыкты жогору койгон, принципиалдуулугу менен жалпы журттун колдоосуна ээ болгон инсандар коомдук аренага чыкканда гана! Тилекке каршы учурда жамы журттун калың контингенти ишеним артып жактырган андай партияларды көпчүлүк көрө албай турат. (Араларында аз-мазы жүрөт, бирок алардын чөнтөктөрү жука. Алардын Улуу Кеңешке келиши да арсар. Анткени азыркы шайлоонун башкы «формуласы» акча болуп калды.) Андай болсо карапайым эл дагы чайналганы чайналган болуп, чыныгы Элдин үнүн чагылдырган парламенттик корпусту бул ирет да көрө албашыбыз мүмкүн?! Мындай чыйрыктырган абал жакшылап сарэсеп салган адамга азыртан эле байкалууда. Улам барган сайын болоору болуп боёсу канып келе жаткандай. Бул көрүнүштү эмне деп айтабыз? Жообу ушул- «жаман атка камчы жоо, жыртык үйгө камчы жоо» дегендей ыргалган кыргызга куру намыс, куру ишеним көнүмүш болуп калган акыл-эс жоо болуп турат!

 Анан калса соңку жылдары саясий конфигурация да таптакыр башкача нукка өзгөрдү. Ошол түбүң түшкүр саясаттын өзөгү эмнеде? Эң башкы фактору- социалдык маселелерди чечүү. А бизде жаңыны жаратуучу социалдык идеялар жок болгондуктан эл эч кимисине ишене бербей, минтип мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү үчүн өлкөнүн БАШКЫ мыйзамында чоң аянтча деп эсептелген парламентке болгон шайлоодо тек аймактык куру намыс, жек жаатчылык, куда-сөөк, дос-тамыр, (анан административдик күчтүн, акчанын күчүнүн шары менен) тигил же бул партияга добуш берет окшоп калды...Мындайдын өзү Кудаяр хан сыяктанган көр дүйнөсү мол, рухий дүйнөсү тайыз, прогрессчил идеясы жок, акыл-эси тайкы, тек мансапка манчыркагандардын тобу элдин үнүн чагылдырчу Эң Жогорку Кеңештин ыйык аянтчасын ээлейт дегендик! Бирок, бирок...«үмүт акырында өлөт» дегендей а балким АР НАМЫСЫБЫЗ ойгонуп өлкөнүн бакубат келечеги үчүн тегирменди оң жагына айлантаарбыз??? Анан калса Кыргыздын табияты да өзгөчө эмеспи. Анте албайбызбы, анда өз шорубуз өзүбүздө. Анда биз ошондой жашоого татыктуубуз!

P.S. Акыркы огу менен мээлеп жаткан мергенчидей көпчүлүктүн күдөрү күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого мелженип турат!!!", - Кенжебек Арыкбаев.