Алмазбек Атамбаевдин партиясынан бөлүнүп чыккан КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жазып, анда БШКдан "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан социал-демократтар" саясий партияларын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги каталарды оңдоону же аларды четтетүүнү милдеттендирүүнү талап кылды.
1.Иса Өмүркулов ("Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер).
2.Эльвира Сурабалдиева ("Ата-Мекенден" талапкер).
3.Кожобек Рыспаев.
4. Гүлкан Молдобекова ("Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер).
5. Анвар Артыков (Социал-демократтар партиясынан талапкер).
6. Нурбек Касымбеков (Социал-демократтар партиясынан талапкер).
Абдрахманов өзүнүн кайрылуусунда талапкерлерди саясий партиялар көрсөтө алат жана ал көрсөткөн талапкерлер башка партиянын мүчөсү боло албайт деп жазат.