Жаңылыктар
БШКнын 3-сентябрда өтө турган отурумунун күн тартиби
Шайлоо 2023
БШКнын 3-сентябрда өтө турган отурумунун күн тартиби

Бүгүн, 3-сентябрда өтүп жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун күн тартибинин долбоорунда 16 пункттан турат. Бул тууралуу маалымат БШК сайтына жаряланган.  

Алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У. Шайназаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө баяндамасы окулат. Андан соң, Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы № 5561 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө маселе каралмакчы.  

 Отурумдун күн тартибине ылайык, парламенттик шайлоого ат салышып жаткан “Мекен ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман нуру”, “Чоң казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Бүтүн Кыргызстан”, "Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы", “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан” жана “Актив” саясий партияларынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмеси жөнүндө баяндамалар окулат.