Жаңылыктар
БШК: “Мекен ынтымагы”, "Мекенчил", "Ыйман Нуру", "Реформа" партияларынын талапкерлери катталды
Шайлоо 2023
БШК: “Мекен ынтымагы”, "Мекенчил", "Ыйман Нуру", "Реформа" партияларынын талапкерлери катталды

Бүгүн, 3-сентябрда өтүп жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У. Шайназаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. 

Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы № 5561 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү чечими кабыл алынды.  

Отурумдун күн тартибине ылайык, парламенттик шайлоого ат салышып жаткан “Мекен ынтымагы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин карап чыкты. Жыйынтыгында талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде Темиралиев Нурбек Асанбековичди "Мекен Ынтымагы" саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

- Борбордук шайлоо комиссиясы "Мекенчил" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде Мамадалиев Мураджон Атамирзаевич жана Тейфуров Расим Захидинович "Мекенчил" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. 

- БШК "Ыйман Нуру" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде Түлөбердиев Ренат Темирбековичти “Ыйман Нуру” саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу чечими кабыл алынды. 

- "Реформа" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси БШК тарабынан катталды.