Жаңылыктар
БШК "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуусуна уруксат береби?
Шайлоо 2023
БШК  "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуусуна уруксат береби?

Учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму өтүүдө. Аталган мекеменин Маалымат бөлүмүнүн берген билдирүүсүнө ылайык, бир нече партия каттоодон өтүштү.


БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн  аякташы керек. Ал эми, эртең 4-сентябрда үгүт иштери башталат. 

Кечээ күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилген. Алар "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", “Бир Бол”, "Замандаш", “Ата Мекен” партиялары. Шайлоого катышууга жалпы 17 партия 24-августта документ тапшырган. 

Документ ташыруунун эрежесин бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» партиясы райондук деңгээлдеги жана Жогорку сотто БШКны утуп алган. Бүгүн аталган партия шайлоого катышууга уруксат ала алабы, ал отурумдагы чечимге байланыштуу болот.