Жаңылыктар
БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
Шайлоо 2023
БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады.