Жаңылыктар
С.Жээнбеков Чүй облусундагы санариптештирүү саясатынын жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Чүй облусундагы санариптештирүү саясатынын  жүрүшү менен таанышты

Президенттин өлкө аймактарына болгон иш сапары уланууда. Мамлекет башчысы бүгүн, Чүй облусуна иш сапары менен барды. Анын алкагында Президент Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот тутумун жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алды. 

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Өлкө башчысы аймактарды кыдырууда мамлекеттик саясаттын негизги делген эки багытына көңүл бурууда. 

Биринчиси региондордогу орто жана чакан ишкерликтин өнүгүшү, калкты жумуш орундары менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүштү жандантуу, экинчиси болсо санарип саясаттын ишке ашуусу. Анан албетте аймактардагы социалдык объектилердин курулушу, айыл-кыштактардын инфра түзүмүн жакшыртуу маселеси бар.