Жаңылыктар
Өкмөттө Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү
Шайлоо 2023
 Өкмөттө Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Өкмөттө Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн аны өзү жетектей турганын билдирди. Айтымында Өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары менен Борбордук шайлоо комиссиясы учурда биргеликте иштиктүү иш алып барууда. Парламенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен каражаттар толук бөлүндү.



4-октябрь шайлоо күнү өлкө боюнча 2464, ал эми чет мамлекеттерде 44 шайлоо участкасы ачылат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миң 486 жаранды түзгөнүн айткан Акрам Мадумаров шайлоочулардын тизмесит tizme.gov.kg порталына жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илингенин белгиледи. 


Бул порталга кирип жарандар тизмеден өзүн тактап алса болот. Пандемияга байланыштуу Өкмөт, БШК жана Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо максатында атайын алгоритм иштеп чыкканын да айтты.