Жаңылыктар
Индонезияда бир нече теракттык жардыруу болду
Дүйнө
Индонезияда бир нече теракттык жардыруу болду

Бүгүн,  Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бир нече теракттык жардыруу болду. Алдын-ала алынган божомолдор боюнча, окуя болгон жерде 6 адам каза болгон. Алардын 3ү полиция кызматкерлери, ал эми калгандары катардагы жарандар. 

Жардырууну уюштурган кылмышкерлер граната колдонушкан, бирөө жанкечтиликке барган. Башында, чабуулга 14 адамдын катышуусу маалымдалып, бирок  полиция кызматкерлеринин тактоолоруна ылайык, жалпы 7 террорчунун катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Жардыруу болгондон бир нече сааттык кармашуудан кийин, кылмышкерлердин 3ү жок кылынып, 4ү колго түшкөн. Жардыруулар Түркия жана Пакистан элчиликтеринин жанында жайгашкан Sarinah соода борборунда жана БУУнун кеңсесинин жанында болгон. Учурда аталган районду жүздөгөн полиция кызматкерлери курчап, снайперлер менен аскер кызматкерлери да тартылды. 

Мындан тышкары, жардыруу болгон жердеги бийик кабаттуу үйлөрдөгү жашоочуларды чыгарып кетишти. Жакарта шаарынын борборуна брондолгон техника да тартылды.Ал эми, Индонезиянын президенти болуп өткөн окуяны теракттык иш деп атады. Болжолдуу тактоолорго ылайык каза болгондордун жана жабыргандардын арасында кыргызстандык жарандар жок.