Жаңылыктар
Талас облусунун айылдарындагы эмканаларда оңдоо иштери жүргүзүлөт
Аймак
Талас облусунун айылдарындагы эмканаларда оңдоо иштери жүргүзүлөт

Сентябрь айынын ичинде Талас облусундагы айылдык эмканаларда жапырт ремонт иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында медайымдардын иши күнүмдүк иштегенге ылайыкташып түзүлөт. 

Учурда оңдоо иши жүрүп жаткан Көк-Ой айылындагы 300 орундуу ооруканага 30 млн сомдук медициналык жабдыктар алынып келет. Бул жөнүндө онлайн брифингде Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди. Мындан тышкары ишин жандаткан бардык соода жайлары жекшемби күнү кечке маал дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү милдет. 

Ал эми Манас, Кара-Буура райондорунда жана Талас шаарында орун алган мал базарларга, жума күндөн жекшембиге чейин иштөөгө уруксат берилди. Облус башчысы алдыдагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнүн жол-жоболоруна да токтолуп өттү. Ал эми түз эфирге катышкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору, болжолдонуп жаткан коронавирус илдетинин 2-толкунуна даярдыктар тынымсыз жүрүп жатканын баса белгиледи.