Жаңылыктар
"Манас" эпосун сүрөт өнөрүндө чагылдырган Майрамкул Асаналиевдин өнөрканасында
Маданият
"Манас" эпосун сүрөт өнөрүндө чагылдырган Майрамкул Асаналиевдин өнөрканасында

Көчмөндөр оюнунун мыкты сүрөтчү, дизайнери аталган Майрамкул Асаналиев, айкөл Манастын айкелин эки жылдан бери жасап келүүдө. Анын эстелик жасоодон тышкары дагы көп жумуштары бар. Бирок бул айкелди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп берүүгө аракет кылууда.

Майрамкул Асаналиев отуз жылдан бери искусство тармагы менен алектенип келет. Негизги кесиби дизайнер. Манас эпосундагы чыгармаларды сүрөт өнөрүндө чагылдырып жаңы идеялардын үстүндө иштеп келет.