Жаңылыктар
Курулуш ишканалары уруксат кагаздарын алууда кыйналууда
Коррупция
Курулуш ишканалары уруксат кагаздарын алууда кыйналууда

Бишкектеги бир катар курулуш ишканалары уруксат кагаздарын алууда кыйынчылыктарга жана жемкорлукка тушугуп жатат. Бул тууралуу “Бишкектеги курулуш иштери жана жер үлүшүн колдонуу” деген аталыштагы тегерек отурумда айтылды. Ишкерлер калаадагы бир катар мекемелерден уруксат кагаз ала албай жер тилкесин иштете албай жаткандыгын айтат. Ал эми шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы бюрократиялык жана коррупциялык схемалар болуп жатканын мойнуна алды.

Бишкектеги курушул ишкананын жетекчиси Азамат Жумашев  кайрылбаган жери, кирбеген мекемеси калбаганын айтат. Ишкерлер үч жыл мурун Кара-Жыгачтан мамлекетке тийешелүү жер тилкесин ижарага алган. Бирок андан бери уруксат кагаздарын ала албай кыйынчылыктарга жана жемкорлукка тушугуп, курулуш ишин баштай албай келет. Бирок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы ижара акысын доолап келет. Маселени чечүү үчүн бир катар укуктук-нормативдик актылар жетишпей жатат дейт Жумашев. 

Ишкерлердин укугун талашып жүргөн юрист Руслан Дербишев сырттан келген инвесторлор жана ички инвесторлор жер боюнча бир катар тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтат. Маселен жер тилкелерин ижара берерде инженердик-комуникациялары толук чечилип, документтери туураланып анан берилиши керек болчу.

Өз кезегинде Бишкек шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгын башчысы Ринат Макенов мекемени желмогуз кылып, жемкорчу көрсөтүүнүн кереги жок деген пикирин билдирди. “Арызданып жаткан ишкерлер өздөрү атайын схемаларды түзүп чыккан. Ал эми биз бардыгын мыйзамдын негизинде жүргүзүп ижара акысын талап кылып жатабыз жана негизги документ катары бизде ижарага алуу боюнча келишимдер бар” – дейт Макенов. Жер тилкелерин иштете албай жатабыз деген ишкерлердики туура эмес, ишкана унаа токтотуучу жай кылса да жерден пайда көрүп жатат.

Акыркы жылдары борбор калаада курулуш болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканы жакшы көрүнүш деген пикирин Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин жетекчиси Марат Аманкулов айтат. Канчалаган адамдар жумуш орду менен камсыз болууда. Өлкө бюджетине каражат түшүп жатат. Бирок ошого карабай кемчиликтер болбой койгон жок.  Анткени, курулуштардын генералдык планы жок болууда.

Бишкек башкы архитектурасы өз дарегине айтылган сындарга учурда бизде укуктук-нормативдик актыларда карама-каршылыктар болууда деп жооп берди. Ошондой эле Кыргызстанда 2005-2006-жылдары көпчүлүк жерлерди бөлүштүрүүдө инженердик тармактар схемасы эске алынган эмес. Ошентип жыйын соңунда жерлерди ижарага берүү жана пайдалуу боюнча укуктук-нормативдик актыларды өзгөртүү демилгеси айтылды.

С. Идирисов, “Биринчи радио”