Жаңылыктар
Кара-Кечеге барган жол ачылып, оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кечеге барган жол ачылып,  оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады

Бүгүнкү күнү Дыйкан-Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады жана үзүлгөн электр чубалгылары толугу менен калыбына келтирилип “Кара-Кече” кесими жарык менен камсыз болду. Иш толук кандуу жүрө баштады.

Эске сала кетсек,  Кара-Кечеге кете турган жалго таштар түшүп жол жабылып, электр чубалгылар кулап, жумуш токтоп калган.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн,натыйжасында оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери туралуу пландар түзүлгөн. 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, ошондой эле мындан ары коопсуз жол салуу боюнча иштер жүргүзүлөөрү айтылган.