Жаңылыктар
Чуулгандуу “Кумтөр” маселеси жаңы ачылган жагдайлардан тарыхый бурулушка ээ болду
Коррупция
Чуулгандуу “Кумтөр” маселеси жаңы ачылган жагдайлардан тарыхый бурулушка ээ болду

Чуулгандуу “Кумтөр” долбоорундагы жаңы ачылган жагдайлардан улам окуя тарыхый бурулушка ээ болду. Ишкананын тегерегиндеги сот процесстери, жетекчилигине козголгон кылмыш иши, элдик парламенттин жүрүшү жана Леонард Хоменюктун акыркы билдирүүсү - “кылымдын аферасы” аталган долбоордун бардык былыктарын ачууга түрткү болду. 

Кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле маалда бийликтин мындай чечкиндүү кадамдары коррупциялык схемалардын калкып чыгышын каалабаган тараптардын каршылыгына дуушар болууда. Акыйкаттыкты орнотуу жараяны мындан ары кандай нукта өнүгөт?

Центерранын мурдагы жетекчиси Леонард Хоменюктун билдирүүсү - Кумтөр долбоорундагы мурдагы кыргыз бийликтеринин чыныгы жүзүн ачууга түрткү болду. Бирок Канаданын, Кошмо штаттарынын жараны, Санта-Барбарада жашаган Хоменюктан көрсөтмө алуу да оңой-олтоң иш эмес эле. Серепчилер Кумтөрдүн мурдагы жетекчилеринде алтын кендин айланасындагы окуялар эми акыйкат текшерилет деген ишеним жаралганын айтышат.

Жекшеевдин айтымында, кечээки күнгө чейин эксперттик чөйрөдө мамлекет менен Центерранын каршылашып жаткандыгы боюнча пессимисттик ой пикирлер басымдуулук кылып жаткан, эми абал түп-тамырынан өзгөрдү дейт. Мунун себеби мурдагы президенттердин Центеррада конкреттүү кызыкчылыктары бар деп илгертеден келаткан кептерге такалат. Хоменюктун билдирүүсүнөн кийин бул дагы бекемделип, эми Кумтөр долбоорундагы ири алдамчылык ачыкка чыкпаш үчүн Акаев да, Бакиевдер да катуу жан үрөйт деген пикирлерге жем таштады. Ал эми жазында элдик парламент пайда болгондо, мурдагы эки президенттин санаалаштары кантип бир үстөлгө чогулду деген суроо пайда болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо кун мурун баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, Кумтөр менен болгон 2003-жылдан берки бардык келишимдерди кайра текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Өлкө башчы Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоор эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык” долбоор катары айтылып, “ үй-бүлөлүк-кландык эки режим үчүн жем жей турган акыр” болупкоррупциялашканын, келишимдер улуттук кызыкчылыктарга каршы кабыл алынып келгенин мекендештерибиз билүүгө тийиш деди.

Бул арада Центерра Голд Инк компаниясы Монголиянын Нойон тоосунун айланасында казуу иштерин пландап жатканы белгилүү болгон. Бирок бул өлкөдөгү “Нойон тоосун сактоо” кыймылы канадалык компанияга таандык 4 лицензияны токтотуу доо-арызы менен сотко кайрылып, сот 4 лицензияны тен чакыртып алуу чечимин чыгарган. Жарандык коомдун өкүлдөрү дагы Нойон тоосундагы кенди казуу жаратылышка терс таасирин тийгизет деген жүйөнү келтиришкен.

Серепчилер Хоменюктун билдирүүсү Центерранын кадыр-баркына доо кетирип, компаниянын ишмердигине карата башка өлкөлөрдө суроо жаралышы керек деп эсептешет. Кумтөр болсо мындан ары да Кыргызстанды эл аралык сотто утууга мүмкүнчүлүгү жок деген коркутуусун улантып, чоңдордун оозун акча менен жабуу тажрыйбасын дагы кеңири колдонорун күтсө болот. Бирок адистер кыргыз бийликтерине эми артка жол жок дешет. Учурда орун алган тарыхый бурулушту ишке ашыруу үчүн аягына чыгыш керек болуп калды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118