Жаңылыктар
Жогорку Сот адилеттүү чечим чыгарарына ишеним жок, бирок үмүт кылабыз - Адахан Мадумаров
Шайлоо 2023
Жогорку Сот адилеттүү чечим чыгарарына ишеним жок, бирок үмүт кылабыз - Адахан Мадумаров

Кечээ, БШКнын жыйынында парламенттик шайлоодон четтетилген “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бүгүн маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров БШК техникалык каталардын негизинде гана мындай чечим чыгарганына нааразы. Башка эч кандай одоно мыйзам бузуу болгон эмес. БШКдан партияга  тийиштүү бардык документтерди алгандан кийин, Жогорку Сотко кайрыла турганын  билдирди. 

"Жогорку Сотко деле ишеним жок, бирок үмүт кылабыз", дейт партия лидери.  Ал эми, маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Өмүрбек Суваналиев бул саясий тапшырык болгонун айтып кетти. "

Бизди каттоонун алдында эле тыныгууга чыгышып, жыйын кайра башталганда шайлоодон четтеттүү чечими кабыл алынганын билдиришти. Мындай чечим баарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду