Жаңылыктар
Шайлоо өткөрүүдө өлкөдөгү эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого өзгөчө көңүл бурулат
Шайлоо 2023
Шайлоо өткөрүүдө өлкөдөгү эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого өзгөчө көңүл бурулат

15-сентябрга чейин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитиши керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында айтты. 

Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды.

«Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров.
Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.