Жаңылыктар
Шайлоо - 2020: Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020: Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды

4-сентябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттады. 

Комиссиянын кечээки жыйынында жумушчу топтун чечимдери окулуп, добушка коюлду. Алардын катарында “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунуш болду. 

Жыйынтыгында “Бүтүн Кыргызстан” менен “Актив” партиясы шайлоодон четтетилди. “Актив” партиясын шайлоодон четтетүүгө күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болду, ал эми “Бүтүн Кыргызстанды” съездде мыйзам бузулган деген жүйөө менен БШК каттоодон баш тартты.