Жаңылыктар
Өлкөдө товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 125 млн долларды түздү
Экономика
Өлкөдө товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 125 млн долларды түздү

Ушул жылдын январь-май айларында өлкөдө тышкы жана өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард 125 миллион долларды түздү. Мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштармалуу 22%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү беш айда 419 миллион доллар болгон. Бул өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 30%га көбөйгөнү байкалган. Экспорт 416 миллион доллар, ал эми импорттоо эки миллиондон ашык АКШ долларын түздү.