Жаңылыктар
Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы ишканалардын курулушу жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы ишканалардын курулушу жанданды

Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы ишканалардын курулушу жанданды. Бүгүн эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы эки фабриканын курулуш иши менен таанышты. Ошондой эле, курамында алтын камтылган кендерди кайра иштетүү боюнча заводдун ишин да көрдү. Ишканалардын иши менен жеринен таанышкан өкмөт башчы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. 

Учурда курулушу кызуу жүрүп жаткан бул ишкана июль айынан тартып томат чыгара баштайт. «ДиОА-Шумкар» ишканасынын продукциясы Кыргызстанда эле эмес, Орусия, Белорусия жана Казакстандын базарларына чыкмакчы. Ошентип экспорттун көлөмү көбөйөт. Натыйжада 250гө жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот. Бул ишкана помидорду бир гана өздөрү өндүрбөстөн, дыйкандардан да сатып алмакчы.



Мына ушундай курулуш иштери кызыган ишканалар менен таанышуу үчүн барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, кездеме чыгаруучу «Текстиль-Транс» ишканасынын курулушу менен да таанышты. 150 адамды жумуш менен камсыздай турган бул ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке кирет. Жогорку сапатка кепилдик берүүчү кездеме 100 пайыз пахтадан жасалаарын ишкана жетекчиси билдирди. Кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеген өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кириши менен өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жеңил өнөр жай негизги тармак катары саналарын кошумчалады.

Өкмөт башчы, ошондой эле курамында алтын камтыган кендерди кайра иштетүүчү «Куранды Девелопинг» ишканасы менен да таанышты. Учурда ишканадагы кендин кору 29 миң тоннаны түзөт. Жыл аягына чейин суткасына 80 тонна руданы кайра иштетүү пландаштырылууда.

Ишканалардын жумушу менен жеринен таанышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын өнөр-жай тармагын өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүгө даяр. Бул үчүн өндүрүштүн тынымсыз иштөөсүн камсыздап, жарандарга жумуш орундарын түзүүгө жетишүү зарылдыгы белгиленди.