Жакынкы аралыкта улуттук көк бөрү оюну үчүн жаңы муляжды жасоого конкурс жарыяланат. Бул тууралуу биздин каналга спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди. Улак тартып жүргөн спортчулардын пикиринде азыркы муляж көк бөрү оюнуна жарайт, бирок кемчиликтери да бар. Жасалма улакты жапмага жакшы баскыдай кылып дагы мыктап иштеп чыгуу зарыл.
Көчмөндөр оюну сентябрь айында өтөт, ага чейин муляж даярдалып, тай казандар жасалып, спортчулар үчүн кийим тигилет. Бул аракеттин бардыгы көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүүгө карата көрүлүп жатат.
Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбеков муляж менен ойноп жатканына аз эле убакыт өттү. Кабыргасы каткандан тарта аттын кулагы менен тең ойноп, кадимки эле айылдагы улак тартыштын эрежеси менен ойноп келген. Чукул арадагы өзгөрүү тууралуу ой бөлүштү.
Улактын ордун алмаштырган буга чейинки муляж ойногондо катуу,олдоксон келип, аны менен ат жалында алышуу бир топ эле ыңгайсыздыкты жаратчудай. Айрым улакчылардын пикиринде оңтойсуз болуп жапмага жакшы басылбагандыктан ойнойм дегендер омурткасын омкоруп алышы да мүмкүн экен.
Ошондуктан спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы көк-бөрү таймашына жарачу мыкты муляж жасоого конкурс жарыялаганга мажбур болуп турат. Өткөн жылы Кыргызстан көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча кайрылып, арыз канааттандырылган эмес. ЮНЕСКО жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган.
Жасалма улак менен баардык шарттар, эрежелер мурунку бойдон калат. Болгону улактын ордун 33-35 килограммдык муляж ээлейт. Мамлекет бул улуттук оюндун түрүн эл аралык талапка жооп бергидей өнүктүрүү үчүн кызуу даярдык көрүүдө. ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга ашыгуу зарыл. Анткени коңшу өлкөлөр дагы көчмөндөрдүн көк бөрүсүн өздөрүнүн улуттук оюну катары каттаткысы келгени маалымат каражаттарынан айтылган.
Республикалык мелдештерде эми кааласак каалабасак да сөзсүз түрдө муляж тартышууга туура келет. Антпесек ЮНЕСКОнун тизмесине кирүү кылым бою күтсөк дагы кыял бойдон кала берет. Ал эми аш-той, мааракелерде же айылдардагы чакан таймаштарда мурункудай эле улак тартыш болот. Көчмөндөр оюну аркылуу дүбүртү эл аралык аренага чыгып жаткан көк-бөрү оюнундагы муляж жакшы чыкса жаныбарларды коргош үчүн жанын бергендер тарабынан колдоого алынаары шексиз.
Ушул өңүттөгү талаш-тартыш Казакстанда дагы жүрүп жатат. Коңшу эл дагы муляжга кайчы пикир жаралган. Эгер кыргыз журту ата-бабадан калган улуттук оюнду заманбап талапка шайкеш келтирип, башка улуттар дагы туура кабыл алгыдай чечим кабыл алса мөөрөйгө ээ болмокчу. Антпесе, коңшу өлкөлөр кыргыз элинин баалуулугун өзүнүкү катары ЮНЕСКОго каттатып алат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118