Жаңылыктар
4 тонна жез мыйзамсыз ташылып келинген жеринен кармалды
Кылмыш
4 тонна жез мыйзамсыз ташылып келинген жеринен кармалды

 Ош облусунда ЕАЭБдин аймагына товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысы катталды.  Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарланды.

 Билдирүүдө, бажы кызматынын ыкчам кызматкерлери DAF XF 430 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын жүк бөлүмүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 4 тоннаны түзгөн жез табылган.

Коңшу мамлекеттен ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген түстүү металлдын  баасы 800 миң сомду түзгөн.  Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталган. Материалдар тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүүдө.