Жаңылыктар
Буга чейин Билим берүү министрлиги муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган
Билим
Буга чейин Билим берүү министрлиги муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.

Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.