Жаңылыктар
Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөтүндө
Маданият
Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөтүндө

“Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөтүндө” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, тарых жана маданият жылына карата өткөрүлгөн. Сынака 5 жаштан 17 жашка чейинки бардык облустардын балдары катышып, бардыгы болуп бир жарым миңден ашык сүрөт коюлган. 

Эң мыкты эмгектердин авторлору грамота, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды. Андан сырткары калыстар тобу 200 сүрөттү тандап алган. 

Алар сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган атайын сүрөт көргөзмөгө коюлат. Сынактын максаты - өсүп келе жаткан муундардын атуулдук сезимдерин өстүрүү менен өз элинин, жеринин тарыхына болгон кызыгууларын арттыруу.