Жаңылыктар
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды
Шайлоо 2023
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Шайлоодо бир айлык үгүт иштери башталды. Бүгүн 15 партиянын өкүлдөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол койюлду. Анда партиялар ортосунда мыйзамдуулукту сактап, ачык жана таза жол менен талапкер катары ат салышууга убада берилди.

Ошондой эле боршайкомдун өкүлдөрү талапкерлерди үгүт маалындагы эрежелер менен тааныштырды. Үгүт өнөктүгү 3-октябрга чейин уланат. 4-октябрь шайлоо күнү.