Башкы прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет булактарына жарыяланган шайлоого байланыштуу билдирүүлөрдү көзөмөлгө алат. Мындай чечим 1-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул максатта баардык аймактык прокуратураларда атайын штабдар түзүлдү.