Жаңылыктар
Сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди
Экономика
Сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Кара-Балта шаарында 20 жылдан бери иштебей токтоп турган сүт заводу кайрадан ишке кирди. Бул жылдары жергиликтүү тургундар сүттү коңшу райондорго өткөрүп келишкен.

Өткөн жылы Кыргыз - Орус өнүктүрүү фонудунун жардамы менен реконструкция иштери башталып, азыр завод суткасына 50 тонна сүттү кайра иштетүүдө.