Жаңылыктар
Өзгөндүн Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү жаңы конушка ирригациялык суу каналы курулууда
Аймак

2017-жылдагы табигый кырсыктардан улам, жаңыдан өздөштүрүлгөн Өзгөндүн Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү жаңы конушка ирригациялык суу каналы курулууда. 

Бирок, курулуштун мөөнөтү бүтө электе, анын сапатына шектенген жергиликтүү тургундар тийиштүү кызматтарга кайрылуу жолдогон. Өз кезегинде куруучу компания курулуш ченемдери толук сакталгандыгын айтат. Орун алган жагдай менен биринчи Вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жакындан таанышты.