Жаңылыктар
Мамлекеттик гербге 22 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик гербге 22 жыл

Бүгүн, мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү. Кыргыз Республикасынын эн белгилеринин бири болгон гербдин кабыл алынганына 22 жыл толду. Аны мекендештерибиз Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев иштеп чыккан.

Мамлекеттик герб 1994-жылы 14-январда Жогорку кеңеш тарабынан кабыл алынган. 350 депутаттан турган “легендарлуу парламент” жыйынында каралып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн. Сунуш кылынган долбоорлор атайын уюшулган комиссиялардын элегинен өткөн.