Жаңылыктар
Башталгыч билим - келечектин пайдубалы
Билим
Башталгыч билим - келечектин пайдубалы

Башталгыч билим - билим системасынын булагы. Мына ушундай аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция, Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдыгына карата уюштурулду. 

Иш-чарада билим менен тарбия берүүнүн сапатын өркүндөтүү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуучу атуулдарды тарбиялап өстүрүү бүгүнкү күндө республикадагы олуттуу маселе экендиги белгиленди. 

Анткени эл керегине жараган мыкты атуулдарды тарбиялоодо башталгыч мектеп зор милдеттерди аткарат. Башталгыч класста алган билим сапаты окуучунун андан аркы жакшы билим алышына өбөлгө түзүп, окуучунун ийгилигине түздөн-түз таасир этет. 

Андыктан башталгыч класстын окуучуларына билим берген мугалимдер, билимдин пайдубалы түптөлгөн ушул мезгилге, өтө билгичтик менен мамиле кылышы зарыл. Дал ушул мезгилде адамдын мүнөзү, акылы жана адептик сапаттары түптөлүп, калыптанат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118