Жаңылыктар
"Мектептерде дистанттык тартип сакталат",- Жээнбеков
Билим
"Мектептерде дистанттык тартип сакталат",- Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

— Урматтуу Президент, өлкөдө пандемия шартында жаңы окуу жылы дистанттык тартипте башталды. Бул коопсуздук эрежелерин сактоодон улам болду. Ошентсе да аны шайлоого байланыштыргандар жок эмес. Эл арасында атайын шайлоо өткөнгө чейин мектептер менен окуу жайлар адаттагыдай иштебейт, мугалимдер шайлоо үчүн иштейт деген сөздөр чыгып жатат. Анткени балдар, жаштар барчу, эс алчу башка жайлар иштеп эле жатат да. Жарандарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук саясатташтырылып жаткан жокпу?

— Туура айтасыз, шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат.

Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат.

Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го.

Аны өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, окуп жатасыздар.

Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр.

Бул эмнеден келип чыгып жатат?

Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп.

Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да.

Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Буйруса жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок.

Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калкыбыздын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин буга чейин да айткам.

Азыр дагы буга токтолуп кетейин.

Өлкө экономикасы жакшырса, фермер фермерлик иши менен, дыйкан талаачылык иши менен, саясатчы саясаты менен, айтор, ар ким өз иши менен алек болот.

Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул өзүнүн жемишин берет.

Эң негизгиси — өлкөдөгү каражатты өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга бурдук. Бул буйруса, өзүнүн жыйынтыгын берет.

Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары, туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам.

Ал эми мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганын айтсам, ооба, бул биздин жарандарыбыздын, балдарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук.

Эгерде балдарын алып, сейил бактарга, эс алчу жайларга барса — бул ошол ата-эненин жоопкерчилигиндеги иш.

Ал эми мамлекет калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алып сала албайт. 

Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагууда.

Дүйнөнү деле окуп, көрүп жатпайбызбы.

Айрым мамлекеттерде кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышат. Кээ бир жерлерде дагы деле болуп жатат. Кээ бир мамлекеттерде балдардын оорусу чыгууда деп жатышат.

Мына ушундай кырдаал бизди эле эмес, жалпы адамзатты кооптондурууда.

Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда.

Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт. Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да.

Ошондуктан, Республикалык штаб баардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган.

Мен да туура көрүп колдодум. 

Билим берүү министрлиги болсо, сунуштап жатат. Кырдаал жакшырса, абалды байкап турабыз. Абалды байкап, анан чечим кабыл алабыз.

Азырынча дистанттык тартип сакталат.

Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек.

Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз.