Жаңылыктар
7-13-сентябрь күндөрү Комуз жумалыгы өтөт
Маданият
 7-13-сентябрь күндөрү Комуз жумалыгы өтөт

9-Сентябрь - Комуз күнүнө карата 7-сентябрдан - 13-сентябрга чейин Комуз жумалыгы өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт. Программада залкар комузчуларды эскерүү болот. Ошондой эле салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видеосабактар өтүп, “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт. Министрлик республикадагы бардык жарандарды жумалыкка активдүү катышууга чакырат. Белгилей кетсек, “Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.