Жаңылыктар
Муратбек Бегалиев "Шериктештиктин жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты болду
Маданият
Муратбек Бегалиев "Шериктештиктин жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты болду

Композитор Муратбек Бегалиев Көз карандысыз шериктештикке кирген мамлекеттердин "Шериктештиктин жылдыздары" деп аталган сыйлыгынын лауреаты болду. Сыйлыкты тапшыруу аземи 11-июнда Минск шаарында өттү. Анда калыстар тобу Бегалиевге 2 миллион рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлык дагы ыйгарды. 

Муратбек Бегалиевден тышкары мындай сыйлыкка Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Азербайжан, Армения жана Молдованын 10 өкүлү ээ болду. Окумуштуулар, исскуство жана маданият ишмерлери ат салышкан сыйлыкка татыган композитор учурда мекенине келип, куттуктоолорду кабыл алууда. 

Эскерте кетсек, 2012-жылдан тартып Кыргызстандан аталган сыйлыкка композитор Ибрагим Жунусов, Улуттук Илимдер Академиясынын мурдагы президенти Шарипа Жоробекова жана белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаев татыктуу болушкан.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118