Жаңылыктар
Эмгек мигранттарынын укугу
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгек мигранттарынын укугу

Эмгек мигранттарынын укугун коргоо үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдө бирдиктүү профсоюз түзүү керек. Мындай демилге бүгүн коомдук кеңештин 24-отурумунда көтөрүлдү. 

Ар бир мамлекетте профсоюздар бар, бирок алар жергиликтүү гана жумушчулардын кызыкчылыгын жактап, башкалар сыртта калып жатат,-дейт мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанбаев.


Анын айтымында, бирдиктүү профсоюзду түзүү менен башка профсоюздардын ишин жандандырууга болот. 

Андан тышкары, отурумга катышкан Орусиялык адистер, ал жердеги кыргыз жарандарынын укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатканына өз баасын беришти. Отурумдун акырында кара тизме маселеси тууралуу да талкуу болду.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118