Жаңылыктар
Өлкөдө илимпоз көп, ири илимий ачылыштар жокко эсе
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө илимпоз көп, ири илимий ачылыштар жокко эсе

Кыргызстанда алты миллион адамга 5 миң 966 илимпоз туура келет. Так эсебин айтканда 1 миң 131 илимдин доктору жана 4 миң 835 илимдин кандидаты катталган. Бул тууралуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева маалымдады. 

Бир четинен алганда илимпоздор көбөйгөнү өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээли өсүп, калктын калың катмары интеллектуалдык байлыкка маани берип жатканынан кабар берет. Экинчи жагынан алганда, серепчилер илимий изилдөө иштеринин сапаттык деңгээли начарлап, коомчулукта жарк этип көрүнгөн ири ачылыштар жасалган жок. Иш жүзүндө элге пайдасын тийгизген долбоорлор да жокко эсе болуп жатат дешет. Ал эми Бакыт Тыналиеванын айтымында элге пайдасын тийгизе турган илимий долбоорлорду ишке ашырууга келгенде маселе көп учурда каржылоого такалып калууда.

"Мисалы азыркы ковид-19ду алсак бизде деле илимпоздорбуз даяр ушул багытта иштегенге. Жок эмес бар. Бирок реагенттерди башка нерселерди алыш керек. Иштөө керек. Каражатка келгенде эле такалып калып атабыз",- деди Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиев.