Жаңылыктар
Кыргызстандын Москвадагы консулдук кызматында шайлоочулардын тизмеси толукталууда
Мекендештер
Кыргызстандын Москвадагы консулдук кызматында шайлоочулардын тизмеси толукталууда

Ушул күндөрү Кыргызстандын Москва шаарындагы консулдук кызматынан кишинин саны үзүлбөйт. Буга чейин туулган жерге кетсем экен деген жарандар, тизмеге кирүүгө кезекке турган болсо, азыр алардын ордун шайлоочулардын тизмесине кирүүнү каалагандар ээледи. Шайлоо тилкелеринин дарегин өзгөртүү үчүн№2 формадагы арызды тапшыргандардын саны арбын.

Жыйырма беш жаштагы Муслим Абдулаев 2014-жылдан тартып, Москва шаарында жашап, жеткирүү кызматында эмгектенет. Ал өмүрүндө алгачкы ирет добуш берүүгө катышууну чечти. Каарманыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн, элчиликтин консулдук бөлүмүнө келип форма №2 арызын жазуу керек экенинен кабардар. Бул арыз шайлоо тилкесинин дарегин өзгөртүп, жарандардын убактылуу жашаган жери боюнча добуш берүүсүнө шарт түзөт.