Жаңылыктар
Бишкекте оор кылмыш менен издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды
Кылмыш
Бишкекте оор кылмыш менен издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн чет элдик жаран Н.А.А кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Чет элдик жаран террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөнү көрсөтүлгөн.

«Кармалган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөн. Соттун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат », - деп билдирди.