Жаңылыктар
Кыргыз сому өз күчүн кармап турат
Экономика
Кыргыз сому өз күчүн кармап турат

Кыргыз сому – Борбор Азиядагы башка улуттук валюталарга салыштырмалуу өз күчүн кармап  жатат. Доллар үстөмдүгү  асыресе жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө байкалууда. Анын арасында Кыргызстанда дагы кымбаттайт деген болжолдор бар.  Башкы себеби нефтинин 1 баррелинин 30 доллара чейин түшүп кетиши.

2015- жылдын соңуна карата  АКШ долларына  Орус рубли 39 пайыз, Тажик соманиси 38 пайыз, Түркмөн манаты 47. Ал эми Кыргыз сому 32 пайыз арзандаган.  Бирок  негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаал кыргызстанга түздөн түз таасир берүүдө. 

Казакстандын  Биржалык сайтындагы маалыматка таянсак.   Доллардын курсу өсүп бир теңге  366нын тегерегинде болууда. Эске салсак Казакстан 2015- жылдын 21- августунда теңгени эркин жүгүртүүгө койо берген. Ал эми долларга карата 1 орус рубли  75,5дын   айланасында болууда. Кыргыз сому 75 сом 80 тыйын.