Жаңылыктар
Шайлоо-2020. Талапкерлер социалдык тармактардагы маалыматтарды ыктыярдуу жөнгө салышат
Шайлоо 2023
Шайлоо-2020. Талапкерлер социалдык тармактардагы маалыматтарды ыктыярдуу жөнгө салышат

Шайлоого катышкан партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү шайлоо алдындагы акыйкат күрөш боюнча меморандумга кол коюда БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова меморандумдагы жаңылыктардын бири - талапкерлердин социалдык тармактардагы маалыматтарды ыктыярдуу жөнгө салуусу экендигин билдирди.

Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, шайлоо өнөктүгүнүн маанилүү үгүт иштерин жүргүзүү мезгили башталды. Белгилүү болгондой, талапкерлер өз үгүт иштерин социалдык тармактар аркылуу да жүргүзүшүүдө. 

Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо - БШКнын мандаты, бирок буга жалгыз жетишүү мүмкүн эмес. Ошондуктан шайлоону акыйкат, таза жана ишенимдүү өткөрүүгө күч-аракеттерибизди бириктирүү максатында партияларга меморандумга кол коюуга чакырабыз,- деп айтылат. 

"Документке кол коюу менен, тараптар Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттеништи, ошондой эле ачыктык жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгын сактоого, мыйзам чегинде үгүт иштерин жүргүзүүгө милдеттүү",- дейт Шайлдабекова.

Эске салсак, БШКнын чечими менен 15 саясий партия парламенттик шайлоого катышат. 4-сентябрдан тартып,
шайлоо өнөктүгү башталды. Ал эми шайлоо 4-октябрда өтөт.