Жаңылыктар
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра" бекети иштей баштады
Чек ара
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра" бекети иштей баштады

Бүгүндөн тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра" бекети иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көзөмөл жайы күндүзгү убакта саат 08.00дон 18.00го чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, “Каркыра-автожол” өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.