Жаңылыктар
Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 16-17-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы болушу күтүлүүдө.  Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Бул тууралуу Өзкөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматынан билдишти. 

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 16-17-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, бийик тоолуу райондордо 2° сууктан…3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118