Жаңылыктар
Партиялар ортосундагы теледебаттар
Шайлоо 2023
Партиялар ортосундагы теледебаттар

Расмий үгүт өнөктүгүнүн алкагында партиялар ортосунда өтө турчу теледебаттардын күнү жана убактысы аныкталды. Бүгүн ал Коомдук биринчи каналдын эфиринде партия өкүлдөрүнүн элге кайрылуусу, тактап айтканда программасы менен тааныштыруудан башталмакчы. Шайлоочулар дээрлик бир ай бою көгүлтүр экрандан жаш талапкерлердин, айымдардын жана ошондой эле партия лидерлеринин ортосундагы дебаттарга күбө болушат. Бул жолку иш-чараларга өлкөнүн башкы каналы кандай даярдык көрдү?

Партияларга Коомдук биринчи каналдан бериле турган акысыз эфирлердин биринчи бөлүгү- элге кайрылуу менен башталмакчы. Бүгүн 5 партиянын ар бирине 10 мүнөттөн убакыт бөлүнүп, партиянын шайлоо алдындагы программасын элге жеткиргенге мүмкүнчүлүк алышат. 

Башкы каналдан бериле турган эфир жалпы 5ке бөлүндү. Элге кайрылуу жана түз байланыш, мындан сырткары 3 бөлүктөн турган теле дебаттар өткөрүлөт. Азыркы учурда студияларда акыркы даярдыктар көрүлүп, эмгек жамаат тыным албай иштеп жаткан кези. 

Дебаттарды үч бөлүк менен өткөрүү бул жолку үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү десек болот. Ар бир партияда жаштар, коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн айымдар бар. Алардын бардыгына өз тармактары боюнча олуттуу жана курч суроолор даярдалууда. Дебаттар - ар бир саясий партиянын дараметин баалоого жакшы мүмкүнчүлүк. 

Графикке ылайык, 7- сентябрдан 11-сентябрга чейин, эфирде талапкер партиялардын кайрылуусу орун алат. Ушул эле күндөрү партиялар менен 15 мүнөттөн түз байланыш уюштурулмакчы. 14-18-сентябрь жаштар теледебаты, ар бир программа 2 сааттан болот. 21инен 25ине чейин айымдардын теледебаты, ал эми 28-сентябрдан 2-октябрга чейин лидерлер дебаттарда кездешмекчи. 

Суроолор саясат экономикадан тартып тышкы мамилелер, маданият, социалдык тармак, дегеле коомдо кайсы талылуу маселелер болуп жатса ошол багыттардын бардыгын камтыйт. Быйыл пандемия шартында партияларга бериле турган эфирдик убакыт дагы узартылды, бул да болсо элге талапкерлер менен таанышууга ыңгайлуу шарт түзмөкчү.