Жаңылыктар
Санарип инфратүзүмүн өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип инфратүзүмүн өнүктүрүү

Кыргызстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээледи. Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин ичинен 83-орунга чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди. Айтымында бул акыркы 10 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. 

Санариптештирүү - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Анын башында коомдун муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу башкаруу тутумун түзүү максаты коюлган. Демек, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети мамлекеттик органдар, мекемелер жана өнөктөштөр менен биргеликте санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырууну тездетиши керек. 

Алтынбек Исмаиловдун айтымында, бул багыттагы негизги милдеттердин бири - калктын басымдуу бөлүгүн 4G интернет түйүнү менен камсыз кылуу. Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылган. Учурда 3 жана 4G түйүнү иштөөдө. Пандемия мезгилинде интернетти колдонуу трафиги 64 пайызга өскөн. 

Интернетке үзгүлтүксүз кирүү үчүн инфрастүзүм менен камсыздоо бардык тармактарда санариптештирүүнү киргизүү иштерин тездетет. Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары интернет менен 100 пайыз камсыз болуп, Санарип Аймак системасын ишке киргизүүнү ыкчамдатты. Жыл аягына чейин 453 айыл өкмөтүндө интернет жеткиликтүү болот. 

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө санариптештирүү жана санариптик трансформация концепциясынын алкагында Коопсуз шаар долбоорлору ишке ашты. Анын биринчи этабы ийгиликтүү ишке кирип, эми экинчи этабын ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Исмаилов билдиргендей, өнүгүү жана мамлекеттик индекс боюнча жалпы өсүш 15% дан ашты. Ал эми Кыргызстан телекоммуникациялык инфрастузүмүдүн өнүгүү деңгээли боюнча эң жогорку өсүштү көрсөтүп, дээрлик 73% ды түздү.