Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалга даярдык
Өзгөчө кырдаал
Өзгөчө кырдаалга даярдык

Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Көк-Жар, Ак-Кыя айыл аймактарын, Нарын шаарын, ошондой эле, Ат-Башы районундагы турак-жайларды, көпүрө, ички-чарбалык жолдорду жана айыл чарба аянттарын суу каптоо коркунучу сакталып турат. 

Коркунуч жаралган аймактарды Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кыдырып чыкты.


Сары-Булак, Шамшы айылдарынын турак-жайларын коргоо максатында Кара-Кужур, Бузулган-Суу, Чоң-Туз дарыяларынын жээктерин бекемдөө үчүн зым торчолордон 200 даанасын жана күйүүчү май бөлүп берүү тапшырмасын министр Кубатбек Боронов министрликтин облустук башкармалыгына тапшырды. 

Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 249чу жана 252чи чакырымындагы жол эрозиясын жоюу үчүн тиешелүү техникалардын барын колдонуу керектигин айтты. Мындан сырткары, 16-июнга караган түнү министрликте чукул жыйналыш өттү. 

Анда министр Кубатбек Боронов кол астындагыларга жалпы өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларды тактап, сел коркунучтарын жөнгө салуу тапшырмаларын берди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118