Жаңылыктар
БШК Facebook өкүлдөрүнө "жымжырттык күнү" саясий жарнамаларга бөгөт коюну сунуштады
Шайлоо 2023
БШК Facebook өкүлдөрүнө "жымжырттык күнү" саясий жарнамаларга бөгөт коюну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү. 

Нуржан Шайлдабекова менен Facebook компаниясынын мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджери Кавит Канхи социалдык тармакта саясий жарнактарды жайгаштырууну талкуулады. Бардык саясий жарнамаларды тармактын жарнамалык китепканасындагы шилтеме аркылуу тапса болот. 

Учурда Кыргызстанга таандык 879 жарнама бар. Ал 3 737 долларга бааланган. Ичинде партиялар менен жарандардын жарнамасы үчүн каражат төккөндөр да бар. 

БШКнын төрайымы 3-октябрь үгүт иштери токтогон күнү социалдык жарнама жайгаштырууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады. Компания азырынча мындай мүмкүнчүлүк АКШда гана болорун, эгерде Кыргызстан тарап расмий суроо жиберсе, маселе каралаарын билдирди.