Жаңылыктар
Таласта коронавирустун 2-толкунуна даярдыктар көрүлүп, дарыгерлер окутулууда
Аймак
Таласта коронавирустун 2-толкунуна даярдыктар көрүлүп, дарыгерлер окутулууда

Таласта 100дөй дарыгер, 150дөн ашуун медайым атайын окуудан өтүп жатышат. Жер-жерлерде уюштурулуп жаткан окуу-семинар алдыда болжолдонуп жаткан коронавирустун 2-толкунуна даярдыктын алкагында жүрүүдө. Ошондой эле, республикалык, облустук штабдын чечими менен 44 млн сомго райондогу 4 ооруканага медициналык жабдуулар алынып келингени турат.

Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Гүлмира Дүйшекеева 35 жылдан бери калк саламаттыгынын камында. Айтымында буга чейинки иш тажрыйбасында коронавируска каршы күрөштөй оор мезгил болгон эмес. Июнь, июль айында Таласта илдеттин оор, жеңил формасына кабылгандар арбыган. Ошол мезгилде эмканага күнүнө 70ге чейин бейтап кайрылып жатты.