Жаңылыктар
С.Жээнбеков суу астында калуу коркунучу жаралган жол тилкесине барды
Өзгөчө кырдаал
С.Жээнбеков  суу астында калуу коркунучу жаралган  жол тилкесине барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чу дарыясынын ташкындоосуна байланыштуу жолдун суу астында калуу коркунучу жаралган Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесине барды. 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматына ылайык, Чу дарыясындагы суунун деңгээли нөшөрлөгөн жаандын жана андан кийинки ысык аба-ырайынан улам 10-июнга караган күнү көтөрүлгөн. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун деңгээлинин жогорулашы сезондук көрүнүш жана суу каптоо коркунучу жок. Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кооптуу аймактардагы жээктерди бекемдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118